15 июл 2019
Мен бүгүн ыйлап турам, жанымды кыйнап турам кыргызым сага өкүнүп.. кыргыз -деп айткым келбей ачуумду көөдөнүмдө жыйнап турам.. баарыңды тилдегим бар, мен да сөгүп.. ызаамды мээңе куюп уудай төгүп, айткым бар, бирок айтпайм.. анткени кыргызымсың, сыйлап турам. Көлкүлдөп ыйлап турам келечек тебеленип бүткөнүнө, дүйнөмдү кыйнап турам бир баатыр баардыгына түткөнүнө, ачуумду муштумума жыйнап турам, салаалап ошол ачуум.. ыйлап турат, санаамды Садырым -деп, кыйнап турат. Кордоду.... коргоочуну басмачы -деп, белине сызды төшөп кыйнап улам, кессе да кекиртегин, күрөштү.. туйлап улам, канжалап кесилсе да денелери эрк, күчүн муштумуна жыйнап улам. Элим -деп, мекеним -деп.. акыры чындыгыма жетемин -деп өмүрүн сайып коюп улут үчүн, каалады келечектин бурулушун, жеңбесем... -өлүп деле кетемин -деп! Бүркүтүң тебеледи кузгундарың Аларды ээрчип баарың мактадың, жагалдандың.. көөдөнү сокурларга дагы алдандың келбети адам сымал.. колдодуң камандарды, Кошулуп талагыла мекенимди саткыла кымбатын да бекери
КЫЧАН Жаны доор
8:14
15 КОММЕНТАРИЕВ
Аллахым колдосун Жаша Кыргызстан 🇰🇬
Ойгон кыргыз Эли ойгон кыргыз ким болгон ойгон Адахан мадумаров дай Садыр Жапаров дай кыргыз жигитерин колдойлу Азыркы биликти жаман деп эч Жака бара албайбыз жамандарды жашырып жакшыларын колдойлу ойгон кыргыз ойгон элим ойгон Кыргыз Эли тарыхта калып кетпейли илгери откон заманда кыргыз деген эл болгон деген созго кетип баратабыз ойгон кыргыз ойгон кыргыз кыргыз бойдон калыш керек
Толкунай Сарыкобон-Акматова
Бул ыр саптары Садыр Жапаровго тиешелуудой
Адылбек Сатвалдиев
Эн жакшы жазылыптыр рахмат
мээрим кененбаева
Ак ийилет бирок сынбайт. Аллахым адилеттүү зат. Адилеттүүлүк учун күрөшкөн адамдарды Аллах өзү колдосун
Бек Жакыпов
Ээ кыргыз калкым биз ушундай эл экенбиз. Колго бийлик, байлык келгенде баарын унутабыз. Бийлик кече ким эле бугун ким.
Бек Жакыпов
Адахан элди ойлосо кун тободон чыкмак
Мелис Ташбаев
Кун тобондон чыксада ишенбейсин адахандан башка ким чыкты колдоп
Аллахым колдосун Жаша Кыргызстан 🇰🇬
Азыркы бийлик Кун-До тободон чыгарып жатабв
Гулайым Макситова
С.Жапаровдой,А.Мадумаровдой инсандарыбыз чанда төрөлөт,биз эл ошо жигиттерибизди коргоп калышыбыз керек эле..Мен дагы сыздап турам,мен дагы ыйлап турам..
Гулайым Макситова
Аттиң аттиң..
Аллахым колдосун Жаша Кыргызстан 🇰🇬
Тура айтас эжекеси
Жаныбек Бейшебаев
Бул бийликтелер канча айтсаң да без Толк аркасына арматура тыкса деле сезишбейт
К С Т 👨👩👧👦
Абдан сонун жазылыптыр. Авторго таазим
Ali Lashyn
Менда ушулкуну болгом
N Y
Байкуш С Жапоровко боштондук! эй Алла Жолун ачып колдой кор